Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Жакынкы Чыгышка багытталган каттамдардын убактылуу токтотулушуна байланыштуу Air Astana авиакомпаниясы аймакта калган жүргүнчүлөрдү колдоо боюнча чараларды көрүп жатат, деп билдирет Казинформ.
Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, 735 жүргүнчү убактылуу мейманканаларга жайгаштырылган:
- Дохада 174 жүргүнчү;
- Делиде 231 жүргүнчү (Алматы-Дубай каттамы);
- Дубайда 330 жүргүнчү.
Мында жүргүнчүлөргө бир түнгө акысыз жатакана берилген. Air Astana ошондой эле Дубайдагы Flora Al Barsha жана Flora Creek мейманканалары менен акысыз жатакана мөөнөтү аяктагандан кийин жүргүнчүлөрүнө атайын бааларды сунуштоо боюнча макулдашууларга жетишкен.
Авиакомпания жүргүнчүлөргө кошумча жатакана, юридикалык жардам же мекенине кайтаруу маселелери керек болсо, Казакстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн ишеним телефондоруна кайрылуу керектигин сунуштаган.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу каттамдардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилгендиктен, жүргүнчүлөрдөн каттамдардын учурдагы абалын алдын ала текшерип туруусу да белгиленди.