Жакында G-Cloud мамлекеттик булуттук платформасы ачылат - Азамат Жамангулов

Санарип Кыргызстан Загрузка... 25 Март 2025 09:59
WhatsApp Image 2025-03-25 at 09.52.09.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Жакында G-Cloud мамлекеттик булуттук платформасы ачылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, санариптик бирдиктүү платформага алгач социалдык блоктогу министрликтер киргизилет. Бул “Түндүк” системасы аркылуу көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жеңилдетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө шарт түзмөкчү.

“Түндүккө" кошулган бул платформага биринчиден болуп Билим берүү министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, андан соң сот блогу туташтырылат.

Бул үчүн кандай иштер жасалып жатканы боюнча айта турган болсок, биз жакынкы убакта алгачкы G-Cloud мамлекеттик булуттук платформасын ачканы жатабыз. Ал жакка жогоруда аталган бардык мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары жайгаштырылат. Бул бизге жарандардын бардык жеке маалыматтарынын коопсуз сакталуусун камсыздайт жана ушул мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашуусун тездетет. Мунун баары “Түндүк” системасы аркылуу көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жеңилдетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө шарт түзөт.

Экинчи этапта биз биринчи этапта аткарылган иштерге анализ жүргүзүп, башка мамлекеттик органдарды кошуу боюнча пилоттук иштерди аткарабыз”, - деди Азамат Жамангулов.