Жакында Бишкекте 3 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирет

Коом 26 августа 2026 11:50
784817076_28470187145908176_1913748841847816603_n.jpg
785857784_1641265034238292_1240225212055675602_n.jpg
785993214_1023286280707573_5513263203842076863_n.jpg
786242375_1085704797326450_2550308449387944558_n.jpg
786391083_1036874498960077_54072853981009636_n.jpg
786827957_1640109090811815_625503458666704399_n.jpg
787021414_1001984456221558_2819986129578116049_n.jpg
787046352_2666025503800665_4345289330299965526_n.jpg
787124170_1528582259037744_5023149336530329254_n.jpg
787245687_1095209139601618_5483908538974161530_n.jpg
787507384_1356264773160197_5316942869059056890_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы – 2026" программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан 3 жаңы өндүрүш объектиси ишке кирүүгө даярдалып жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн шаар мэри Айбек Жунушалиев ишканалардын даярдыгы менен таанышты.

Алардын бири – "КыргызТрансформатор" ЖЧКсы. Ишканада жылына 1 миң күч трансформаторун чыгаруу пландалууда. Өндүрүш ишке киргенде 50гө чейин жумуш орду түзүлөт.

Мындан тышкары, "Полибетон" ААКтын кошумча кулинардык цехинин даярдыгы 95 пайызга жетти. Анда даяр тамак, нан-кондитердик жана башка азыктар өндүрүлүп, 200дөн ашык жумуш орду түзүлөт.

Ал эми "Флагман компани" ЖЧКсы жылына 6 миң тонна металл конструкцияларын жана металл буюмдарын чыгара турган заводду ишке киргизүүгө даярданууда. Объекттин даярдыгы 98 пайызды түзүп, 35 жумуш орду түзүлөт.

Мэр долбоорлордо жакшы динамика бар экенин белгилеп, жергиликтүү өндүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.