Аптаптуу жай. Кыргызстандыктардай эле чет өлкөлүктөр да жыл сайын өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлгө барып, бир чумкуп алууну адатка айландырышкан. Жылдан-жылга ички жана чет элдик туристтерди тейлеген көл жээгиндеги эс алуу жайлар тейлөө сапатын жакшыртып, имараттарын улам жаңылоонун үстүндө. Ошондой эле мамлекет тарабынан жолдор, санаторий-курорттук жайлар реконструкцияланууда. Бул ирет “Кабар” агенттиги көз жоосун алган Ысык-Көлдөгү эс алууга ыңгайлуу туристтик жерлерге сапар тартат.

Ысык-Көл облусуна жеке унааңыз, такси же автобустар менен жетсеңиз болот. Бишкектеги “Бишкек автобекетинен” Ысык-Көлгө күндүз таксилер, кичи автобустар, ал эми түнкүсүн көп орундуу автобустар чыгат. Алардын баалары сиздин бара турчу айыл же шаарга жараша айырмаланат.

Ошол эле маалда Бишкек-Балыкчы-Бишкек багыты боюнча поезд аркылуу Балыкчы шаарына бара аласыз.
Бишкек-2 – Балыкчы каттамында чоңдорго билет баасы 150 сом, балдарга 73 сом;
Бишкек-2 – Балыкчы (люкс) чоңдорго 500 сом, балдарга 250 сом;
Бишкек-2 – Балыкчы (ВИП) чоңдорго 800 сом, балдарга 400 сом;
Бишкек-2 – Балыкчы (VIP-купе) – 6000 сом.
Билеттерди бекеттин кассасынан же ticket.railway.gov.kg сайтынан, тиркемесинен сатып алса болот.

Эгерде учак менен барууну кааласаңыз "Asman Airlines" авиакомпаниясы аркылуу Бишкек жана Ош шаарынан Караколго жетсеңиз болот. Оштон түз каттамдар жумасына эки жолу - бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Бишкектен каттамдар жумасына 4 жолу – шейшемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Билеттердин баасы:
* Бишкектен – 3100 сомдон башталат;
* Оштон – 4100 сомдон башталат. Пенсионерлерге 10% арзандатуу каралган.
Билеттерди WhatsApp ( 0999 25 16 00) аркылуу, asmanairlines.kg тиркемесин көчүрүп, ошондой эле asmanairlines.kg сайтынан сатып алсаңыздар болот.
Ал эми Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна Ош, Алматы, Ташкент, Жалал-Абад, Новосибирск шаарларынан туристтик мезгил учурунда учактар каттайт.
Ысык-Көлдүн орточо тереңдиги 278 метр, эң терең жери 668 метрге жетет. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 чакырымга, ал эми батыштан чыгышка 182 чакырымга созулат. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Көл жээгиндеги район жана шаарларда туристтерди өзүнө тарткан эс алууга ыңгайлуу жерлер арбын: санаторий-курорттук жайлар, тарыхий жерлер, тоо туризмине ылайыктуу карагайлуу капчыгайлар, жайлоолор.

Чу дегенде эле Ысык-Көл облусунун кире беришинде Балыкчы шаары жайгашкан. Былтыр шаарда жаңы эс алуу паркы жана заманбап пляж пайдаланууга берилген. Анда 300 метрлик пирс, кайык менен сейилдөөгө арналган жасалма канал, веложол, оюн-зоок, спорт аянтчалары бар.

Күңгөй тарапта пансионаттар, ден соолукту чыңдоочу жайлар орун алган. Жакында эле Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери болуп, заманбап шарттагы 200дөн ашык орундуу номерлер пайдаланууга берилди. Ар бир бөлмө жаңы эмерек, техника жана санитардык түйүндөр менен камсыздалган.

Бостери айылындагы “Кыргыз деңизи” санаторийинде эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Стандарттан тарта люкс класска чейин номерлер сиздин тандооңузда. Ажайып кооз аймагы, жашыл аллеялар көз жоосун алат. Куму жагымдуу кооз пляжы эс алуучуларды күтөт. Ошондой эле Бостери айылындагы Борбордук жана Алтын-Кум пляждарында жаңылоо иштери аяктады.
Чоң-Ак-Суу капчыгайы эл ичинде Григорьев капчыгайы деп да аталат. Ысык-Көлдүн түндүгүндө, Чолпон-Ата шаарынан 60 км алыстыкта, Күңгөй Ала-Тоо кыркасынын карагайлуу этегинде жайгашкан. Капчыгай Ысык-Көлгө келген эс алуучулардын эң сүйүктүү жерлеринин бири. Капчыгайдын жогорку бөлүгүндө көз жоосун алган 3 бийик тоо көлдөрү орун алган.

Кырчын жайлоосу Чолпон-Ата шаарынан 40 км алыстыкта жайгашкан. Узундугу 30 км. Капчыгай менен Кичи Ак-Суу дарыясы агып түшөт. Дал ушул жайлоодо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Көз жоосун алган кооздук бир дагы туристти кайдыгер калтырбайт.

"Жыргалаң" санаторийи Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Каракол шаарынан 11 чакырымдай, Балыкчыдан 200, Бишкектен 386 чакырым алыстыкта жайгашкан. "Жыргалаң" санаторийи 322 орунга ылайыкталган. Анда 74 коттедж, 4 корпус, 6 бассейн жана ашкана бар. Дарылык касиетке ээ минералдык суусунун температурасы +38..+43 градуска жетет. Санаторийдеги суу, баткактар сөөк, нерв, тери, гинекологиялык ооруларга жардам берет.

Жети-Өгүз капчыгайы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Каракол шаарынан түштүк- батышка карай 28 км аралыкта жайгашкан. Капчыгайдын киришинде “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска бар. Капчыгайда 2200 метр бийиктиктеги өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен таанылган Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Капчыгайда Кыздын көз жашы шаркыратмасы агып түшөт.

Барскоон капчыгайы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Каракол шаарынан 90 чакырым алыстыкта, Барскоон айылынын жогору жагында Барскоон суусунун жайылмасында жайгашкан. Капчыгайдын узундугу 10 чакырымга жакын.
“Жомок” чопололуу каньондору Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан. Кызыл жарлар эс алуучуларды кызыгуусун арттырат. Мындай кереметти көрүүнү каалагандардардын арасында кыргызстандыктар гана эмес, чет элдик туристтер да бар. Топурактын өзгөчөлүгүнөн улам кургак аба ырайында гана каньонго баруу сунушталат.

Учурда Ысык-Көл облусунда жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жайкы сезон эс алуучуларга таза пляждарды, шыпаалуу булактарды жана бай маданий мурастарды тартууласа, кышында Ысык-Көл кышкы спортту сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу жайга айланат. Эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун натыйжасында Ысык-Көл облусунун туристтик инфраструктурасы жакшырууда. Бул аймактын экономикасынын өсүшүнө жана анын тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга салым кошот.