Жайыл районунда дайынсыз жоголгон Элдос Койчубек уулу изделүүдө

Загрузка... 08 Август 2025 11:04
1.jpg
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 08.08.25 /Кабар/. Жайыл районунда дайынсыз жоголгон Элдос Койчубек уулу изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июнда Жайыл райондук милициясына 1969-жылы туулган К.Т. аттуу жаран кайрылып, уулу Элдос Койчубек уулун табууга жардам көрсөтүүнү суранган.

Анын айтымында, Элдос 2025-жылдын 14-июнунда Сосновка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон ушул убакка чейин дайынсыз.

Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 155-160 см, арык чырай, чачы кыска, кара.

Кийими: кыска жеңдүү ак футболка, кара шорта, ак шлёпка.

"Эгерде Элдос Койчубек уулунун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо 0 (701) 20-31-02, 0 (999) 26-02-01 же 102 номери аркылуу билдирип коюңуздарды өтүнөбүз", - деп айтылат милициянын билдирүүсундө.