Бишкек, 20.05.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматынын “Кабар” агенттиги менен бөлүшкөн маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 21-майда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүн экинчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Ал эми 22-25-майларда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. 26-майда түнкүсүн ала булут каптап, жаан-чачын жаашынын ыктымалдуулугу аз, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 27-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Ошондой эле батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-майда күндүз 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.
- 21-май: түнкүсүн +11…+13 °C, күндүз +26…+28 °C
- 22-май: түнкүсүн +13…+15 °C, күндүз +20…+22 °C
- 23-май: түнкүсүн +11…+13 °C, күндүз +20…+22 °C
- 24-май: түнкүсүн +11…+13 °C, күндүз +22…+24 °C
- 25-май: түнкүсүн +11…+13 °C, күндүз +23…+25 °C
- 26-май: түнкүсүн +12…+14 °C, күндүз +24…+26 °C
- 27-май: түнкүсүн +14…+16 °C, күндүз +25…+27 °C