Өзгөндөгү үрөй учурган өрт: Тилсиз жоо 4 наристенин өмүрүн алды

Кырсык 05 Март 2026 09:05
c77ba09b-524f-4440-af37-78ae499f30eb.jpeg
6be90b3b-23f2-4f80-a647-40d1760e99f8.jpeg
Алдыга
Артка
c77ba09b-524f-4440-af37-78ae499f30eb.jpeg
6be90b3b-23f2-4f80-a647-40d1760e99f8.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен 2018-жылы туулган Т.Р., 2020-жылы туулган Т.Б., 2021-жылы туулган Т.А. жана 2023-жылы туулган Т.М. аттуу кыз бала чарчап калган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Тиешелүү кызматтар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 6 бөлүмү тартылган.