Өзгөн районунда окуучулар мушташып, бирөө ооруканага түштү - милиция

Аймак Загрузка... 17 Февраль 2025 13:33
1_dkM9qDS.2e16d0ba.fill-800x500.jpg

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Өзгөн районунда окуучулар мушташып, бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-февралда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган К.Э. денесинен жарат алып, аймактык ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя боюнча териштирүү учурунда күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Э.ни ур-токмоко алышып, денесине жаракат келтиришкен.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.