Ташкент, 19.08.25. /Кабар/. Өзбекстанга Монголиядан баяд тукумундагы 1000 кой аба жолу менен жеткирилди, деп билдирет өлкөнүн Чарбачылыкты өнүктүрүү жана ветеринария комитети.
Маалыматка ылайык, жаныбарлар Навоий жана Бухара облустарында багылат. Жыл аягына чейин жалпы 100 миң кой алып келүү пландалууда. 2026-жылга чейин эт импорту үч эсеге көбөйтүлүп, 3000 тоннага жетет деп күтүлүүдө.
Адистердин баамында, баяд тукумундагы койлор Навоий облусунун климатына жакшы көнүп, жергиликтүү тукумдар менен аралашканда алардын өсүшү жана сапаты жакшырып, эт берүүсү көбөйөт.
Эскерте кетсек, мурдараак Казакстан жана Кыргызстан майда жана бодо мал экспортун чектегени кабарланган.