Өзбекстанга АКШдан дагы 72 жаран депортацияланды

Борбор Азия Загрузка... 12 Март 2026 13:45
photo_12_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.03.26. /Кабар/. АКШдан Өзбекстанга депортацияланган жарандарды алып келген кезектеги учак Ташкентке келип конду. Анын бортунда АКШ аймагында мыйзамдуу жашоого негиз жок болгон 72 адам болгонун, АКШнын Ташкенттеги элчилиги билдирди.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул каттам менен 65 өзбекстандык жаран депортацияланган.

АКШ элчилигинин маалыматына ылайык, бул учуу АКШ тарабынан мамлекеттик чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.

АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден бери өлкөдөн 1 миңден ашуун Өзбекстандын жараны депортацияланган.

"АКШга мыйзамсыз кирген адамдарга түрмө жазасы жана депортация коркунучу бар. АКШ өкмөтү депортация иштерин жүргүзүүдө көрсөткөн тыгыз кызматташуусу үчүн Өзбекстандын өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирет", - деп айтылат билдирүүдө.