Ташкент, 18.03.26. /Кабар/. 2025-жылы Өзбекстанга чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 28 пайызга өсүп, 18,9 млрд долларга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкы маалымдады.
Борбордук банктын маалыматына ылайык, мындай кескин өсүш эмгек миграциясынын географиясынын кеңейиши менен түздөн-түз байланыштуу. Россия, Казакстан, Түштүк Корея жана Түркия негизги багыттар бойдон калууда. Ошол эле учурда Европа жана Азия өлкөлөрүнө кеткен жарандардын саны көбөйүп, бул акча которуулардын жалпы көлөмүнө олуттуу таасир этүүдө.
Айрым өлкөлөр боюнча өсүү көрсөткүчтөрү:
- Улуу Британия — 39%га өскөн;
- Европа Биримдиги өлкөлөрү — 37%га;
- Ирландия — 2,6 эсеге;
- Хорватия — 2,5 эсеге;
- Словакия — 67%га;
- Литва — 57%га;
- Нидерланд — 49%га;
- Польша — 9%га;
- АКШ жана Түштүк Корея — 15%га жогорулаган.
Ошол эле учурда Өзбекстандан чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн каражаттын көлөмү 5 пайызга азайып, 2,7 млрд долларды түзгөн.