Өзбекстандын паспорту дүйнөлүк рейтингде жогорулады

Борбор Азия Загрузка... 28 Июль 2025 11:06
920__95_1262147268.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 28.07.25. /Кабар/. Өзбекстандын паспорту дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттор рейтингинде бир нече тепкичке көтөрүлдү. Бул тууралуу Henley & Partners инвестициялык компаниясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан 2025-жылы 99 өлкөнүн ичинен 74-орунду ээледи. 2024-жылы бул көрсөткүч 80-орун болгон. Азыркы учурда өзбек жарандары дүйнөнүн 62 өлкөсүнө визасыз же келген учурда виза алып кире алышат.

Казакстан 63-орунда, жарандары 79 мамлекетке визасыз кирсе, Кыргызстан 73-орунда (63 өлкө), ал эми Тажикстан 80-орунда (56 өлкө) турат.

Рейтингдин эң башында Сингапур орун алган — бул өлкөнүн жарандары 193 мамлекетке визасыз кире алышат. Ал эми акыркы орунда Афганистан турат: анын жарандары болгону 25 өлкөгө визасыз бара алышат.