Ташкент, 13.02.26. /Кабар/. Transparency International эл аралык уюмунун 2025-жылга карата жарыялаган Коррупцияны кабыл алуу индексинде Өзбекстан мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 31 упай алды. Мунун натыйжасында өлкө өткөн жылга салыштырмалуу үч баскычка төмөндөп, 182 мамлекеттин ичинен 124-орунга жайгашты.
Өзбекстандын коррупция боюнча көрсөткүчү экинчи жыл катары менен төмөндөдү. 2016-2021-жылдардагы ийгиликтүү көтөрүлүүдөн кийин, өлкө 2023-жылдан тарта кайрадан артка кете баштады.
Аймактык салыштырууда Өзбекстан Кыргызстан, Россия жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдөн алдыда болгону менен, Казакстан, Армения жана Грузиядан артта калууда.
Дүйнөлүк рейтингде Дания, Финляндия жана Сингапур алдыңкы орундарды ээлесе, Түштүк Судан, Сомали жана Венесуэла эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ.
Адистердин пикиринде, Өзбекстанда мыйзамдардын иш жүзүндө аткарылбай жатканы жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасыздыгы инвестициялык жагдайга жана элдин ишенимине терс таасирин тийгизүүдө.