Өзбекстандын калкы 38,1 миллион адамдан ашты

Борбор Азия Загрузка... 15 Октябрь 2025 15:55
photo_15_1.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын 14-октябрына карата Өзбекстан Республикасынын туруктуу калкынын саны 38 млн 100 миң 377 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.

Адистердин айтымында, калктын өсүү ыргагы туруктуу бойдон калууда — ай сайын орто эсеп менен 51,5 миң адамга көбөйүүдө. Бул суткасына болжол менен 1,7 миң жаранга туура келет.

Ошол эле учурда, 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгынын (январь–июнь) жыйынтыктары боюнча төрөлүү көрсөткүчү бир аз төмөндөгөн. Бул мезгилде өлкөдө 405,5 миң бала төрөлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,4 миңге аз.