Өзбекстандын калкы 37,8 миллион адамдан ашты

Борбор Азия Загрузка... 23 Июль 2025 09:55
p_23.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-июлуна карата Өзбекстандын туруктуу калкы 37 млн 859 миң 700 адамды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга көбөйгөнүн көрсөтөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, калктын 19 млн 296 миң 400ү (51 пайызы) шаар жергесинде, ал эми 18 млн 563 миң 300ү (49 пайызы) айыл жеринде жашайт. Аялдар — 18 млн 793 миң 900 (49,6%), эркектер — 19 млн 65 миң 800 (50,4%) кишини түзөт.

Калктын жыштыгы 2025-жылдын 1-июлуна карата бир чарчы чакырымга 84,3 адамдан туура келди. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул маалына салыштырмалуу (82,7 адам) 1,6 адамга көп.