Өзбекстандын элчиликтеринде маданият, туризм боюнча кеңешчилер дайындалат

Борбор Азия Загрузка... 06 Февраль 2026 11:25
m_05.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 05.02.26. /Кабар/. Өзбекстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде маданият жана туризм маселелери боюнча кеңешчилердин кызмат орду киргизилет. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын мыйзамдарынын Улуттук маалымат базасы — Lex.uz сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жаңы кызмат орундар Өзбекстандын Россиядагы, Улуу Британиядагы, Франциядагы, Индонезиядагы, Кытайдагы, АКШдагы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиликтеринде ачылат. Кеңешчилер элчилерге гана эмес, президент администрациясынын Креативдүү экономика жана туризм департаментинин жетекчисине да баш иет.

Кеңешчилердин негизги милдеттери катары Өзбекстандын маданий мурасын чет өлкөлөрдө жайылтуу, маданият күндөрүн жана башка маданий иш-чараларды уюштуруу, маданий жана чыгармачыл мекемелер ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле чет жактагы мекендештер менен байланыштарды чыңдоо каралган.

Эскерте кетсек, 15-январдагы жыйында Шавкат Мирзиёев элчилер саясий диалог менен гана чектелбестен, инвестиция тартуу, экспортту кеңейтүү, туризмди өнүктүрүү жана жарандардын укуктарын коргоо багытында да иш алып баруу талабын койгон.