Өзбекстандын ЕӨБгө кошулуусу - туруктуу региондук өнүгүүгө кадам

Саясат Загрузка... 11 Апрель 2025 15:05
0ec1ae3a-209f-4528-bc3f-68efc4fc53fa.jpeg
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Бир күн мурда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Евразия өнүктүрүү банкын түзүү боюнча келишимге кошулуу боюнча мыйзамга кол койгон. Бул өлкө ЕӨБнын жетинчи катышуучусу болуп, анын ишине толук катышат.

Борбор Азиядагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча дагы бир кадам ташталды.

Аймактын өлкөлөрү өз иштерин координациялап, Борбордук Азиянын мындан аркы өнүгүүсү үчүн биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга басым жасоодо.

Эксперттер белгилегендей, Өзбекстандын Евразия өнүктүрүү банкына кириши логистиканы, жол-транспорт инфраструктурасын жана суу-энергетикалык ресурстарды башкарууну жакшыртып, багытталган чечимдердин натыйжалуулугун бир топ жогорулатат.

Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов белгилегендей, өзбек бийлиги кабыл алган чечим бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү.

«Биз Өзбекстандын Евразия өнүктүрүү банкына мүчө мамлекет болуу чечимин кубаттайбыз. Бул өнөктөштүк Өзбекстандын жана бүткүл региондун экономикалык өнүгүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. ЕӨБ Өзбекстанды туруктуу жана тез өсүү жана жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерине колдоо көрсөтөт.

Банк республикада инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууну баштады, анын биринчисин быйыл каржылоого ниеттенүүдө.

Ар бир жаңы долбоор жана ар бир жаңы катышуучу менен биз Евразия чөлкөмүнүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүп, өз миссиябызды аткарууну улантабыз,”- дейт Николай Подгузов.

Экономикалык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү белгилегендей, Өзбекстан тарыхый жана эң жакын өнөктөштөрүнүн – Россия, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Армения, жана Тажикстандын катарына ЕӨБгө мүчө болуп кошулганы маанилүү.

Эксперттер банк евразиялык мейкиндикте транспорттук инфраструктураны, өнөр жайды, энергетикалык комплекстерди, суу секторун жана айыл чарбасын модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилешет.

Ошондой эле, өлкөлөр ЕӨБ менен кызматташуусу финансылык каражаттарды жеткиликтүү жана эффективдүү колдонуу мүмкүнчүлүгүн ачуусу күтүлөт.

Ал эми өнөр жай кооперациясы жана экономикалык интеграция жакынкы ондогон жылдар бою аймактын экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон Камбар-Ата 1 ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга реалдуу жардам бере алат.