Ташкент, 18.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзбекстанда банктар менен жарандардын ортосунда жүргүзүлгөн валюталык операциялардын көлөмү 14,5 млрд долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 24 пайызга өстү. Бул тууралуу Борбордук банк кабарлады.
Банктар жарандардан 9,1 млрд доллар сатып алышкан – бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27 пайызга көп. Ал эми жарандарга сатылган валюта 5,4 млрд долларды түзүп, 18 пайызга көбөйгөн.
Операциялардын 58 пайызы салттуу алмашуу пункттары аркылуу жүргүзүлгөн. Онлайн каналдар аркылуу 5,9 млрд долларлык операция жасалып, 36 пайыз өсүш катталган. Ал эми банкоматтар аркылуу 252 млн доллар алмаштырылган.
Натыйжада, банктар сатып алган валюта сатылган суммага караганда 3,7 млрд долларга көп болуп, бул ички валюта рыногунда туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түздү.