Ташкент, 10.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын Борбордук банкынын маалыматына караганда, 2025-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн алтын-валюта резервдери 4,9 млрд долларга көбөйүп, тарыхта алгач ирет 55 млрд долларга жетти.
Мекеменин билдиришинче, чет элдик валютадагы резервдер 9,4 млрд доллардан 10,2 млрд долларга өскөн. Ал эми алтын запастарынын наркы 4,2 млрд долларга жогорулап, 44,2 млрд долларды түздү.
Ошол эле учурда алтындын физикалык көлөмү 11,8 млн трой унциядан 11,6 млн унцияга чейин азайганы белгиленди.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын алтын-валюта резервдеринин көлөмү 2024-жылы 41,18 млрд долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 19,1 пайызга өскөн.