Ташкент, 13.01.26. /Кабар/. Өзбекстандын өкмөтү жогорку окуу жайлары менен иш берүүчү уюмдардын ортосунда студенттерди даярдоого багытталган жаңы тартипти бекитти. Бул тууралуу өлкөнүн Адилет министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жаңы жобого ылайык ишканалар бакалавриатта экинчи курстан жогору окуган студенттердин контракттык төлөмүн толугу менен же жарым-жартылай өз эсебинен төлөп берүүгө укуктуу. Ал эми студент окууну бүткөндөн кийин ошол ишканада белгиленген мөөнөттө иштеп берүүгө милдеттенет, ишкана бүтүрүүчүнү жумушка кабыл алууга тийиш.
Буюртмачы болууга министрликтер, мекемелер жана жеке компаниялар укуктуу. Алардын инвестициялык долбоорунун көлөмү кеминде 1 млн долларды түзүшү же кызматкерлеринин саны 50дөн кем болбошу шарт. Система ЖОЖ, студент жана иш берүүчү ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимге негизделет.
Студенттер жыл сайын 20-сентябрга чейин өз университетине электрондук түрдө арыз тапшырып, окуудагы көрсөткүчү тууралуу маалымкатты кошо жиберет. Катышуу үчүн бүтүргөндөн кийин буюртмачы уюмда иштөөгө макул болуу жана орточо баасы GPA (Grade Point Average) 3.0дан төмөн болбошу керек.
Тандоону университеттер жүргүзөт. 15-октябрга чейин атайын комиссия талапкерлер менен маектешүү өткөрөт. Акыркы чечимде иш берүүчү тараптын өкүлүнүн пикири негизги роль ойнойт.
Тандоодон өткөн студенттер менен үч тараптуу келишим түзүлөт. Окууну ийгиликтүү бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө заказчы белгиленген тартипте жумуш сунуштоого милдеттүү.
Серепчилердин баамында, бул механизм студенттерге каржылык колдоо берип, кесиптик жолун эрте аныктоого шарт түзүп, иш берүүчүлөрдү даяр адистер менен камсыздап, мамлекетке билим берүү менен эмгек рыногунун талаптарын жакындатууга мүмкүндүк берет.