Ташкент, 15.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда жол кырсыктары азаюуда. Өткөн жылы жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен 2 миң 188 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзбекстандын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөгөн. Анда өлкө жолдорунда 2 миң 199 адам каза болгон. 2025-жылы ар кандай деңгээлдеги жаракат алган жарандардын саны 8 миң 901 адамды түзгөн (2024-жылы — 8 миң 931).
Акыркы беш жылдагы (2021–2025) көрсөткүчтөр калктын саны жана транспорт каражаттары көбөйгөнүнө карабастан, жол кырсыктарынын саны туруктуу азайып жатканын көрсөтөт. Бул аралыкта калктын саны 35,27 млн адамдан 38,23 млн адамга чейин өссө, унаалардын саны 3,82 миллиондон 5,53 миллионго жеткен.
Натыйжада 100 миң калкка карата жол кырсыктарынан каза болгондордун көрсөткүчү 6,9дан 5,7ге, ал эми ар 10 миң транспорт каражатына эсептегенде 6,3төн 4,0гө чейин төмөндөгөн.
Ошондой эле балдардын катышуусундагы жол кырсыктары 2024-жылга салыштырмалуу 171 учурга (–9,6%) азайып, каза болгон балдардын саны 36га (–12,8%) кыскарган.