Өзбекстанда жаш ишкердикти өнүктүрүү фонду түзүлөт

Борбор Азия Загрузка... 19 Февраль 2025 12:25
WhatsApp Image 2025-02-19 at 08.43.29.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Өзбекстанда жаш ишкердикти өнүктүрүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу UzDaily билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, фонддун капиталын 100 млн АКШ долларына жеткирүү пландалууда.

Фонд ишкердикти өнүктүрүү аркылуу 50 миң жаш жаранды ишке орноштурууга жана ишкердик кылууга үндөйт.

Жер тилкелери онлайн-аукцион менен берилет.

Соода-өнөр жай палатасы жана жергиликтүү мамлекеттик органдар бизнес долбоорлорду өнүктүрүүгө жоопкерчиликтүү болору айтылды.