Ташкент, 07.08.25. /Кабар/. Өзбекстанда 6-августтан тартып жаныбарларды таанытуу, каттоо жана көзөмөлдөө тууралуу мыйзам расмий түрдө күчүнө кирди. Бул тууралуу өлкөнүн Адилет министрлиги маалымдады.
Мыйзамга ылайык, ири мүйүздүү мал, кой, эчки жана төөлөр туулгандан кийин эки жуманын ичинде, жылкы — төрт айда, чочко — бир айда, ит менен мышык — үч айда катталышы керек. Эгерде бул мөөнөт өтүп кетсе, кошумча бир ай берилет. Ал эми сырттан алып келинген жаныбарлар 21 күндүн ичинде каттоодон өтүшү зарыл.
Жаңы тартип жаныбарлардын эсебин так жүргүзүүгө, ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алууга багытталган. Ар бир жаныбарга ветеринардык паспорт берилип, өзүнчө идентификациялык номер ыйгарылат. Белгилөө клеймо басуу, татуировка, бирка тагуу же заманбап чип орнотуу аркылуу жүргүзүлөт.
Эксперттердин баамында, бул мыйзам жугуштуу илдеттердин жайылышын токтотууда жана мал чарбасын тартипке салууда маанилүү кадам болуп эсептелет.