Ташкент, 25.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда бир жыл ичинде 366 миң үй-бүлө жакырчылык категориясынан чыкты. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн видеоселектордук жыйында айтылды, деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, көрүлгөн чаралардын, ошондой эле калктын кирешелеринин өсүшүнүн натыйжасында өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 8,9 пайыздан 5,8 пайызга чейин төмөндөдү. Ал эми жумушсуздуктун көрсөткүчү 5,5 пайыздан 4,8 пайызга чейин кыскарган.
Мирзиёев жетишилген жыйынтыктарды реформалардын натыйжасы катары баалап, бул багыттагы 2026-жылга карата аныкталган негизги артыкчылыктарга токтолду.
"2026-жыл “Махалланы өнүктүрүү жана коомдун жыргалчылыгын жогорулатуу жылы” деп жарыяланды. Бул алкакта махаллалардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ири масштабдагы иштер жүргүзүлөт", - деди Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти махаллада жумушсуздар менен жакыр үй-бүлөлөрдүн сакталып калышы реформалардын ал жакка жетпегенин, ал эми "жетилик" түзүмдөрү менен банк системасынын натыйжасыздыгы жер-жерлердеги иштеги кемчиликтерди көрсөтөрүн белгиледи.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Өзбекстандын экономикасы 7,7 пайызга өсүп, ички дүң продуктунун көлөмү 147 млрд доллардан ашты. Ошол эле учурда инфляциянын деңгээли 2024-жылдагы 9,8 пайыздан 7,3 пайызга чейин төмөндөгөн.