Өзбекстанда өзгөчө жарандар арасында каттоо башталат

Борбор Азия Загрузка... 28 Октябрь 2025 13:03
28_photo_0.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 28.10.25. /Кабар/. Өзбекстанда 1-ноябрдан тарта өзгөчө категориядагы жарандардын арасында каттоо жүргүзүлөт.

Каттоого жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, багуучусуз калган карылар, жабык аймактарда жашаган аскер кызматкерлери, түрмөлөрдө жана камак жайларында отургандар, ошондой эле диний окуу жайларында жашаган же билим алып жаткан адамдар кирет.

Бул иш-чараны өткөрүү Улуттук социалдык коргоо агенттигине, Коргоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Улуттук гвардияга, Ички иштер министрлигине, Мамлекеттик коопсуздук кызматына, Тышкы иштер жана Саламаттык сактоо министрликтерине, ошондой эле Дин иштери боюнча комитетке жүктөлдү.

Ал эми негизги калк каттоо 2026-жылы 15-январдан 28-февралга чейин өтөт.