Ташкент, 21.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда 2030-жылга чейин стартаптардын санын 5 миңге, чет өлкөгө чыккан долбоорлорду 200гө жеткирүү жана венчурдук инвестицияларды 2 млрд долларга көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин санарип технологияларды өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер жана 2026-жылга карата милдеттерге арналган жыйынында айтылды, деп билдирди өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
Президент санарип технологиялар экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жана элдин жашоо сапатын жогорулатарын белгиледи. Анын ичинде жасалма интеллект инфраструктурасы, 5G байланышы жана интернеттин сапаты жакшыртылат.
Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү кеңейип, алардын саны 900гө жетет. MyGov.uz платформасы өнүктүрүлүп, 50дөн ашык кызматка жасалма интеллект киргизилет. Бирдиктүү жарандык реестр түзүлүп, бир катар кызматтар толук онлайн форматка өтөт.
Акыркы жылдары өлкөдө санарип экономикасы, электрондук мамлекеттик кызматтар жана инновациялык экосистема ырааттуу өнүгүп жатканы белгиленди. Эл аралык баалоо боюнча, 2024–2025-жылдары Өзбекстандын стартап экосистемасынын наркы 3,9 млрд долларга жеткен. Учурда 750дөн ашуун стартап жана 15 венчурдук фонд иштеп, инвестициянын жалпы көлөмү 180 млн доллардан ашты.