Өзбекстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлөт

Борбор Азия Загрузка... 13 Март 2026 12:32
eb_13.webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 13.03.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча сунуштарды жактырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары уюшкан кылмыштуулуктун формалары өзгөрүп, коомдук тартипти ачык бузган бейбаштык аракеттери көбөйгөн. Ушуга байланыштуу бейбаштык үчүн жазаны күчөтүү жана мыйзамсыз уюштурулган мушташ спорттук мелдештерине катышкандыгы үчүн административдик жоопкерчилик киргизүү сунушталууда.

Ошондой эле коомдук жайлардагы кылмыштуулукка жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн кылмыш-укуктук механизмдерин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору даярдалды.

Президент трансчекаралык жана виртуалдык мейкиндикте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн бирдиктүү система түзүүнү тапшырды. Мындан тышкары, Ички иштер министрлигинин түзүмүндө уюшкан кылмыштуулукка каршы өзүнчө бөлүм түзүлөт.

ИИМдин маалыматына ылайык, жыл башынан берки эки ай ичинде өлкөдө 45 уюшкан кылмыштуу топ аныкталган.

Акыркы алты жылда киберкылмыштар боюнча укук коргоо органдарына кайрылуулардын саны 48 эсеге көбөйүп, өткөн жылы алдамчылыктын 82 пайызы жана уурулуктун 76 пайызы кибер мейкиндикте жасалганы белгиленди. Физикалык жана юридикалык жактарга келтирилген материалдык зыян 2 трлн сумдан (160 млн доллар) ашып, үч банктын системаларындагы алсыздыктардан улам 3025 кардар 17 млрд сум (1,3 млн доллар) зыян тарткан. Буга байланыштуу банктарга мындай учурларда чыгымды компенсациялоо жана банк карталарын, эсептерди же SIM-карталарды киберкылмыштарга пайдаланууга жол бергендер үчүн жоопкерчилик киргизилди.