Ташкент, 04.03.26. /Кабар/. Өткөн жылы Өзбекстанда уран өндүрүү көлөмү 7 миң тоннага жетип, аныкталган уран корунун запасы 139 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу уран тармагын өнүктүрүү боюнча пландар каралган жыйында президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы өлкөдө 4 миң тонна уран өндүрүлүп, өндүрүш көрсөткүчү 75 пайызга жогорулаган.
Өлкөнүн тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары Урал Юсуповдун айтымында, быйыл өлкөнүн бир катар аймактарындагы кендерде уран казып алуу иштерин баштоо жана ыкчамдатуу милдети коюлган.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, дүйнөдөгү ири уран өндүрүүчү мамлекеттердин бири болгон Казакстанда өткөн жылы уран өндүрүү көлөмү 25,8 миң тоннаны түзгөн.