Ташкент, 14.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Бүгүн Өзбекстандын Анжиян шаарында улуу акын жана адабиятчы, окумуштуу жана мамлекеттик ишмер Захириддин Мухаммад ибн Умаршайх Мырза Бабурдын 542 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өтүүдө. Бул тууралуу эл аралык Бабур фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Эл аралык Бабур фондунун төрагасы, илимий экспедициянын жетекчиси, окумуштуу-изилдөөчү Закиржан Машрабовдун айтымында, өзбек адабиятынын ири өкүлү, тарыхчы, географ, мамлекеттик ишмер Захириддин Мухаммад Бабурдун илимий жана адабий мурасы дүйнө коомчулугу тарабынан кенен изилденүүдө.
"Улуу Бабурдун өмүр жолу өтө татаал жана кыйын болду. Бирок ал өзүнөн чоң илимий жана маданий мурас калтырды. Ошону менен бирге дүйнөдө эң чоң империя жаратты. Ал түзгөн "Улуу Могол династиясы" 300 жылдан артык бийликти өз колунда бекем кармап турду. Улуу Бабур жалаң өзбек элинин гана эмес, жалпы Борбордук Азия элдеринин да сыймыгы болуп саналат", - деди Машрабов.
Конференция катышуучуларынан, "Бабурнама" чыгармасын кыргыз тилине которгон кыргызстандык окумуштуу, филология илимдери боюнча философия доктору (PhD) Хосият Бекмирзаева Бабур доорунда болуп өткөн тарыхый окуяларга көңүл бурду.
Анын айтымында, "Бабурнама" чыгармасы болуп өткөн окуяларга карап үч бөлүккө бөлүнөт. Биринчиси – Бабурдун Мавереннахрды, экинчиси Ооганстанды жана үчүнчүсү – Индияны бийлеп турган доору. "Бабурнаманын" биринчи бөлүгүндө, жаш Бабур Аксы, Мады жана Өзгөндү бир канча жолу кыдырганын, Алай жайлоорунда аңчылык кылгандыгын, аймактын жаратылышын, табиятын, жан-жаныбарларын өтө кооз сүрөттөп берген. Айрыкча, "Бабурнамада" Аксы чебин кандай колго алынганы жана Өзгөн үчүн болгон согуш кенен баяндалат", - деп айтты Бекмирзаева.
Окумуштуу улуу Моголдор династиясын негиздөөчүсү Бабурдун бир канча нойондору кыргыздар болгондугуна көңүл бурду. Маселен, Ош шаарынын акими Ибрагим Саруну Бабур менен "үзөңгүлөш бек" деп аташган. Ал эми Шерим Тагай, Мухаммед Дост Тагайды Бабурдун эң ишенген адамдары катары бааланган.
"Бабур учун эң оболу адамдын сапаты биринчи орунда болгон. Андыктан ал жан-жоокерлерин өтө жогору баалаган. Анын жанында түрдүү улуттун өкүлдөрү болгон. Ал чыныгы айкөл инсан катары бардык элдин эң жакшы тараптарын көрө алган жана аларды улуу максат жолунда бириктире алган. Мындан тышкары Бабур улуу стратег жана колбашчы катары дүйнө денгээлинде ой жүгүрткөн. Жогоруда айтылган тарыхый факттар жана окуялар кыргыз жана өзбек элинин достугу тарыхтан мурас болуп калгандыгын айкындайт. Аны абайлап-асыроо бардыгыбыздын милдетибиз", - деп баса белгиледи Бекмирзаева.
Эскерте кетсек, Захиридин Бабур 1483-жылы 14-февралда Анжиянда дүйнөгө келген. Ал жаштайынан эле жоомарттыгы жана тайманбас эрдиги үчүн Бабур, башкача айтканда "Арстан" деген наамга татыктуу болот.