Өзбекстанда туризм үчүн жаңы программа сунушталды

Борбор Азия Загрузка... 21 Август 2025 17:25
a_21_3.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 21.08.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев күн мурун ишкерлер менен жолугушууда туризмди колдоого багытталган жаңы программаны жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдыдагы үч жылда мейманканалар жана туристтик жайлар үчүн 5 миң гектар жер аукционго коюлуп, ишкерлерге акысыз берилет. Мамлекет долбоорлорго тең өнөктөш катары катышат.

Мейманканаларды курууга жети жылдык жеңилдетилген насыя берилет: туристтик аймактарда жана облустук борборлордо 30 млрд сумга чейин (болжол менен 2,38 млн доллар), башка аймактарда 10 млрд сумга чейин (800 миң доллар). Ошондой эле эски имараттарды мейманканага ыңгайлаштыруу долбоорлору да субсидияланат.

Ташкенттен жана ири туристтик аймактардан тышкары туристтик төлөм алынбайт. Үй-бүлөлүк мейман үйлөрүнүн мүмкүнчүлүгү 10дон 20 туристке чейин кеңейтилди. Мыкты мейманканалар жана гестхаустар үчүн 1 млн долларлык байге фонду менен сынак өтөт.

Жыл башынан бери Өзбекстанга 7 млнго жакын турист келди. Алдыдагы жылдары бул көрсөткүч 15 млнго жетери күтүлүүдө.