Өзбекстанда транзиттик уруксат алуу ылдамдатылды

Борбор Азия 27 октябрь 2025 17:17
Өзбекстанда транзиттик уруксат алуу ылдамдатылды

Ташкент, 27.10.25. /Кабар/. Өзбекстанда атайын жүктөрдү жана аскердик түзүмдөрдү өлкө аймагы аркылуу өткөрүүгө уруксат берүү жараяны ылдамдатылды. Бул тууралуу Norma маалымат-укуктук порталы кабарлайт.

Маалыматка караганда, эми уруксат берүү мөөнөтү 20 күндү түзөт. Мурда бул жараян орточо бир айга созулуп келген. Эгер кошумча текшерүү же документтер талап кылынса, мөөнөт дагы 10 күнгө узартылышы мүмкүн.

Ошондой эле транзиттик уруксаттардын жарактуулук мөөнөтү 30 күндөн 90 күнгө чейин узартылды.