Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Өзбекстанда баасы 2,2 млрд долларга бааланган Ташкент – Самарканд ылдам жүрүүчү унаа жолдун курулушу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, узундугу 282 чакырымды түзгөн алты тилкелүү унаа жол Ташкент, Сырдарыя, Жизак жана Самарканд облустарынын 13 району аркылуу өтөт. Долбоордун алкагында 92 көпүрө, 28 жол өтмөгү, 60 туннель тибиндеги өтмөк, ошондой эле жер алдындагы өтмөктөр жана суу өткөрүүчү курулмалар салынат.
Жолдун түз тилкелеринде унаалардын ылдамдыгы саатына 150 чакырымга чейин жетет. Долбоор ишке ашкандан кийин Ташкенттен Самаркандга жетүү убактысы азыркы беш сааттан эки жарым саатка чейин кыскарары күтүлүүдө.
Автомагистралдын суткалык өткөрүү мүмкүнчүлүгү 60 миңден 80 миңге чейин унааны түзөт. Долбоорду 2030-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуштун биринчи этабы кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылууда.