Өзбекстанда суу дипломатиясы боюнча адистер даярдала баштайт

Борбор Азия Загрузка... 12 Март 2026 18:00
g_12.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.03.26. /Кабар/. Улуттук изилдөө университетинин алдындагы Ташкент ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженерлер институтунда (ТИИИМСХ) суу дипломатиясы боюнча адистерди даярдоо башталат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн суу жана айыл чарба тармактары үчүн инженерлерди даярдоо системасын реформалоо боюнча жыйында белгилүү болду, деп маалымдайт мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мындай адистикке болгон муктаждык өлкөнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу. Анткени, республиканын суу ресурстарынын негизги бөлүгү трансчек аралык булактардан түзүлөт.

Ушуга байланыштуу "Эл аралык суу дипломатиясы" аттуу профилдик магистрдик программаны кеңейтүү жана мамлекеттик гранттардын санын көбөйтүү чечими кабыл алынды.

Жаңы программа Борбор Азия өлкөлөрү жана коңшу Афганистан үчүн сүйлөшүү жүргүзө алган адистерди жана аналитиктерди даярдоого багытталат.

Эске салсак, ТИИИМСХ ирригация жана суу ресурстары тармагында Борбор Азиядагы алдыңкы илимий борборлордун бири болуп саналат. Университет кыргызстандык окумуштуулар менен Erasmus+, UniCEN, EcoGIS сыяктуу эл аралык долбоорлордо, ошондой эле Арал деңизи, туруктуу суу пайдалануу жана сууну үнөмдөө технологиялары боюнча изилдөөлөрдө тыгыз кызматташып келет.