Өзбекстанда грант менен окуган студенттерди ишке орнотуу тартиби өзгөрөт

Борбор Азия Загрузка... 19 Март 2026 11:40
photo_19.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.03.26. /Кабар/. Өзбекстанда мамлекеттик грант менен окуган жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке бөлүштүрүү тартибин өзгөртүү каралууда. Бул тууралуу тиешелүү токтом долбоорунда айтылат.

Ага ылайык, бүтүрүүчүлөрдү үч жыл милдеттүү иштетүү талабы жоюлуп, анын ордуна ар бир кесипке жараша өзүнчө мөөнөт белгилөө сунушталууда. Чечимди ыйгарым укуктуу орган кабыл алат.

Маалыматка караганда, жаңы ыкма ар тармактын өзгөчөлүгүн эске алууга багытталган. Мисалы, медицина жана билим берүү тармактарында кадрларды узак убакытка бекем кармоо маанилүү болсо, IT тармагында мындай талап дайыма эле ылайык келе бербейт.