Ташкент, 16.01.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду. Ага ылайык, соттолгондордун тышкы дүйнө менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди.
Жаңы жоболорго ылайык, эркинен ажыратуу жазасын өтөп жаткандар алыстан видео жолугушууга укук алышты. Эми ар бир соттолгон бир жолу 15 мүнөттүк видео байланыштан пайдаланууга же телефон аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алат. Байланыш кызматтарынын чыгымдары соттолгондун өз эсебинен төлөнөт.
Буга чейин соттолгондорго бир гана 15 мүнөттүк телефон чалууга уруксат берилчү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.