Ташкент, 14.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы күнмурун пенсиялык камсыздоонун проактивдүү системасына өтүү боюнча мыйзамды биринчи окууда кабыл алды, деп билдирди парламенттин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы.
Документ мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга жана пенсиялык системага санариптик технологияларды киргизүүгө багытталган.
“Жарандарды мамлекеттик пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө”гү мыйзамга өзгөртүүлөр 60 жашка чыкканда эркектерге, ал эми аялдарга 55 жашка чыкканда пенсияны автоматтык түрдө дайындоого мүмкүндүк берет.
Учурда пенсия алуу үчүн жарандар арыз жазып, төлөмдөргө болгон укугун тастыктаган документтерди тапшырышы керек. Эми бул жараян тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун ортосунда маалымат алмашуунун алкагында автоматташтырылат.
Пенсияны дайындоонун проактивдүү формасын ишке киргизүү 2025-жылдын 1-мартына пландаштырылган.