Өзбекстанда Нипах вирусуна каршы чаралар күчөтүлдү

Борбор Азия Загрузка... 27 Январь 2026 11:06
g_27.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 27.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда Нипах вирусун жуктурган учурлар катталган жок. Бул тууралуу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 54 чек ара өткөрмө пунктунда туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда.

Ведомство Индияга жана башка чет өлкөлөргө сапар пландап жаткан жарандарды жеке гигиена эрежелерин сактоого жана тамак-аштын сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Дене табы көтөрүлүп, катуу баш оору же башка белгилер байкалса, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл экени эскертилди.

Эл аралык маалыматтарга ылайык, Нипах вирусу саламаттыкка олуттуу коркунуч жаратат. Бул жугуштуу оору жаныбарлардан, айрыкча жарганаттардан адамга өтөт, ошондой эле булганган азыктар менен тамактанууда жана адамдан адамга жугушу мүмкүн. Акыркы жылдары Нипах вирусу Индияда жана Түштүк-Чыгыш Азиянын айрым өлкөлөрүндө катталып келет.