Ташкент, 20.03.26. /Кабар/. Өзбекстанда 1-апрелден тартып кыймылсыз мүлк рыногунда эсептешүүлөр электрондук тартипте жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Lex.uz сайты маалымдады.
Жаңы тартипке ылайык, төлөмдөр эскроу-эсеп (убактылуу сакталуучу эсеп) аркылуу гана жүргүзүлөт, ал эми каражат сатуучуга келишим нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөндөн кийин гана өткөрүлөт. Нотариус келишимди бекитүүдөн мурда эсепте акча бар-жогун автоматтык система аркылуу текшерет.
Тартип 10 жылдан ашпаган кыймылсыз мүлккө, ошондой эле М, N, O жана G категорияларындагы унааларга жана атайын техникаларга тиешелүү. Эсепте каражат жок же ал жабык болсо, нотариус келишимди бекитүүдөн баш тартууга укуктуу.
Жаңы талаптардын аткарылышын Адилет министрлиги менен Борбордук банк көзөмөлдөйт. Бул чаралар бүтүмдөрдүн ачыктыгын арттырып, алдамчылыктын алдын алууга жана эсептешүүлөрдү санарип форматка өткөрүүгө багытталган.