Ташкент, 02.03.26. /Кабар/. Өзбекстандын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министрлиги ЮНИСЕФ жана Кембридж университетинин басма жана экзамен борбору менен биргеликте бала бакча жана мектептер үчүн окуу программаларын жаңылоо иштерин баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Долбоордун максаты — окутуунун сапатын жакшыртуу жана окуу мазмунун бүгүнкү талаптарга ылайык жаңылоо.
Маалыматка ылайык, иштер SmartEd долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоор Ислам өнүктүрүү банкы, Араб координациялык тобу жана Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк тарабынан колдоого алынууда. Өлкө аймагында мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери үчүн окуулар уюштурулуп жатат.
Жаңы окуу пландары балдардын негизги билимдерин — окуп-жаза билүүсүн жана эсеп чыгара билүүсүн — чыңдоого багытталат. Ошондой эле ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана биргелешип иштей билүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Алгач ирет ар бир предмет боюнча эл аралык адистер туруктуу кеңеш берип, жергиликтүү адистер менен чогуу иш алып барышат. Жаңыланган система толук ишке кирсе, жыл сайын өлкөдө болжол менен 8,8 миллион окуучу камтылат.