Ташкент, 12.02.26 /Кабар/. Өзбекстандын министрлер кабинети мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мурда кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.
Документте мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана мамлекеттик катышуусу бар уюмдардын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары менен иш алып баруусун баалоо жана классификациялоо тартиби бекитилди.
Жаңы тартип президенттин Виртуалдык кабылдамасы жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу катталган, тиешелүү ведомстволорго аткарууга жөнөтүлгөн арыз-даттанууларга карата колдонулат. Баалоо сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлүп, анда катталган кайрылуулардын саны, канааттандырылган жана четке кагылган арыз-даттануулар, белгиленген мөөнөт бузулуп каралгандары, ошондой эле кайра берилген арыздар эске алынат.
Анализдин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын иши натыйжалуулугуна жараша «жашыл», «сары» жана «кызыл» категорияларга бөлүнөт жана бул баалоо кызмат адамдарынын ишинин көрсөткүчтөрүнө түздөн-түз таасир этет: «жашыл» категорияга киргендер үчүн эффективдүүлүк 100 пайызды, «сары» категорияда 50 пайызды, ал эми «кызыл» категорияда 10 пайызды түзөт.
Мындан тышкары, ишмердүүлүгү «кызыл» категорияга кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерине же алардын орун басарларына карата тартиптик чаралар көрүлүшү мүмкүн.