Өзбекстанда "кылмыштар картасы" системасы түзүлөт

Борбор Азия Загрузка... 11 Март 2026 14:00
photo_11.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 11.03.26. /Кабар/. Өзбекстанда айрым категориядагы кылмыштарды жасаган адамдарды көзөмөлдөө үчүн "кылмыштар картасы" (crime map) системасы киргизилет. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги президенттин тиешелүү жарлыгына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, система ден соолукка, жыныстык кол тийбестикке, үй-бүлөгө, жаштарга жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыш жасаган адамдарды туруктуу көзөмөлдөөгө багытталат. Ошондой эле мындай адамдардын атайын реестрин жүргүзүү тартиби өркүндөтүлөт.

Реестрге киргизилген жарандар тууралуу маалыматтар алардын жашаган жери боюнча участкалык инспекторлорго жана медициналык мекемелерге берилет. Ал эми жашы жете электер менен иштеген мекемелер бул маалыматтарды жарандарды жумушка кабыл алууда эске ала алышат.

Мындан тышкары, зомбулуктан жабыркаган балдарга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн атайын даярдыктан өткөн адвокаттардын тизмеси түзүлөт. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган медиадолбоорлорго блогерлер жана креативдүү индустрия өкүлдөрү тартылат.