Ташкент, 14.01.26. /Кабар/. Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы имараттардын сейсмотуруктуулугу жана сейсмикалык коопсуздугу жаатында мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамдын максаты — аймактардагы көйгөйлөрдү жоюу, алардын өнүгүүсүн пландаштыруу жана шаар куруу, социалдык-экономикалык жана экологиялык чечимдерди шайкеш келтирүү болуп саналат. Мындан тышкары, көпүрөлөрдү жана туннелдерди долбоорлоого жана курууга мөөнөтсүз берилген лицензияларды жоюу каралууда. Курулуш-монтаж иштерин баштоодо кабарлоо тартибинин ордуна милдеттүү уруксат берүү тутуму киргизилет.
Акыркы эки жылда текшерилген 11 800 жаңы көп кабаттуу үйдүн ичинен 1 434ү каттоодон өтпөй калганы, 2025-жылдын аягына карата 778 имарат текшерүүдөн өтүп, алардын 142си бекемдөөнү талап кыла турганы, бирөө сейсмикалык жактан кооптуу экени айтылды.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 85 долбоорлоочу уюмдун лицензиясын токтотуу же жокко чыгаруу боюнча өтүнмөлөр берилди, курулуштагы мыйзам бузуулар үчүн 98 кылмыш иши козголду.
Өз алдынча көп кабаттуу үйлөрдү курууга каршы күрөшүү максатында административдик жоопкерчилик киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, жарандар үчүн айып пул 400 базалык эсептик өлчөмдү (164,8 млн сум – болжол менен $13,2 миң), кызмат адамдары үчүн 450 базалык эсептик өлчөмдү (185,4 млн сум – болжол менен $14,8 миң) түзөт. Кайталанган мыйзам бузуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат.