Өзбекстанда көмүрдү кайра иштетүү боюнча 5 млрд долларлык ири долбоор ишке ашат

Борбор Азия Загрузка... 06 Февраль 2026 09:45
m_03_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.02.26. /Кабар/. Өзбекстанда көмүрдү химиялык жол менен кайра иштетүү аркылуу полимер продукциясын өндүрүү боюнча баасы 5 млрд долларды түзгөн ири долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдында өткөн көмүр жана уран тармактарынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча жыйында маалым болду, деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жылына 8–9 млн тонна көмүр кайра иштетилип, 1,18 млн тоннага чейин полимер продукциясы өндүрүлмөкчү.

Жыйында 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде көмүр казып алуу көлөмүн 10 млн тоннага жеткирүү пландалып жатканы белгиленди. Бул өткөн жылдагы ушул эле мезгилге салыштырмалуу 1,3 млн тоннага көп. Учурда 9 млн тонна көмүр казылып, мурдагы жылга караганда 590 миң тоннага өсүш катталды. Президент кийинки жылы көмүр казып алуу көлөмүн 11 млн тоннага жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Бул максатта Ташкент облусунда жана өлкөнүн түштүк аймактарында кендерди өздөштүрүүнү ылдамдатуу, тандалма ыкма менен казып алууну кеңейтүү, ошондой эле аутсорсинг негизинде кошумча тоо-кен техникасын жана экскаваторлорду тартуу боюнча тапшырмалар коюлду.

Учурда өлкөнүн көмүр тармагында 16 жеке компания иш алып барууда. Алардын санын 20дан ашыкка жеткирүү жана ишкерлер үчүн шарттарды кеңейтүү милдети коюлду. Жеке сектордун катышуусун күчөтүүнүн эсебинен 2026-жылы кошумча 2,5 млн тонна көмүр казып алуу пландалууда.