Өзбекстанда кибер кылмыштар 68 эсеге көбөйдү

Борбор Азия Загрузка... 23 Январь 2026 15:25
cybersecurity-1-scaled.webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.01.26 /Кабар/. Өзбекстанда акыркы беш жыл ичинде кибер кылмыштуулук кескин жогорулаган. 2020-жылдан 2025-жылга чейин өлкөдө катталган киберкылмыштардын саны 68 эсеге көбөйүп, өткөн жылы 46 миңден ашык санариптик кылмыш аныкталган. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында айтылды, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, жалпы материалдык зыян 1,2 триллион сумдан ашкан. Адистер мындай көрсөткүчкө санариптик кызматтардын кеңейиши, онлайн төлөм системаларынын тездик менен өнүгүшү жана колдонуучулардын коопсуздук эрежелерин билбестиги негизги себеп болуп жатканын белгилешет. Акыркы жылдары өлкөдө фишинг, банктык алдамчылык жана жеке маалыматтарды уурдоо учурлары көбөйгөн.

Мамлекет башчысы жыйында кибер коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жаңы стратегиялык чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү органдарга кибер коопсуздук талаптарын күчөтүү, укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо тапшырмасын берди. Ошондой эле жарандардын санариптик коопсуздук маданиятын жогорулатуу маселеси да күн тартибине коюлду.

Учурда Өзбекстанда Маалыматтык коопсуздук агенттигин түзүү жана жеке маалыматтарды коргоо жөнүндөгү мыйзамды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Серепчилердин баамында, бул чаралар киберкылмыштуулуктун өсүшүн токтотууга жана өлкөнүн санариптик инфраструктурасынын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.