Өзбекстанда киберкоопсуздуктун жаңы стратегиясы бекитилди

Борбор Азия Загрузка... 12 Март 2026 15:25
photo_12.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.03.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев киберкоопсуздукту өнүктүрүүгө жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү системасын күчөтүүгө багытталган 2026–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны бекитти. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Документке ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Юстиция министрлигинде, Энергетика министрлигинде жана Салык комитетинде киберкоопсуздукту камсыздоого жооптуу атайын түзүмдөр түзүлөт.

Мамлекеттик органдар жана уюмдар бул багыттагы иштерди каржылоо үчүн каражатты мамлекеттик бюджеттен жана бюджеттен тышкаркы булактардан бөлө алышат.

Ошондой эле улуттук маалыматтык системалардын туруктуулугун арттыруу жана алардын алсыз жактарын аныктоо максатында көз карандысыз адистердин катышуусунда атайын сынактарды өткөрүү каралган. Сынактар Мамлекеттик коопсуздук кызматы иштеп чыккан атайын электрондук платформа аркылуу уюштурулат.

Стратегия маанилүү инфраструктураны коргоону күчөтүүгө, мамлекеттик жана жеке сектордогу маалыматтык ресурстардын коопсуздугун арттырууга жана киберкоркунучтарга каршы натыйжалуу чараларды киргизүүгө багытталган.