Ташкент, 05.02.26. /Кабар/. Өзбекстанда калкты жана айыл чарбасын каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, 4-февралдан 28-февралга чейин махалланын өкүлдөрү үйлөрдү кыдырып, 15–31-январь күндөрү онлайн-каттоого катышпаган же анкеталарды ката жана так эместиктер менен толтурган жарандар тууралуу маалыматтарды электрондук система аркылуу чогултат.
Адатта, кайра текшерүү иштерине каттоого катышкандардын 10–15 пайызы тартылат.
Жарандарга паспорттук маалыматтарын, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн, ошондой эле турак жай жана жер тилкеси боюнча маалыматтарды алдын ала даярдап коюу сунушталды.
17 күнгө созулган онлайн-каттоого 30 миллиондон ашуун адам катышкан. Бул Өзбекстандагы үй чарбаларынын 82,3 пайызын түзөт. Алыскы жана тоолуу аймактардагы 224 махаллада калк жана айыл чарбасы 2025-жылдын ноябрь айында мөөнөтүнөн мурда каттоодон өткөн.
Буга чейин Өзбекстанда калкты каттоо акыркы жолу 1989-жылы, башкача айтканда 37 жыл мурда жүргүзүлгөн.