Өзбекстанда калкты жана айыл чарбасын каттоо башталды

Борбор Азия Загрузка... 20 Январь 2026 17:28
WhatsApp Image 2026-01-20 at 17.32.58.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.01.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге калк жана айыл чарбасын каттоону даярдоо жана өткөрүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын башкы максаты — калктын саны менен түзүмүн, аймактардын өнүгүшүн, эмгек рыногун жана социалдык инфраструктураны илимий негизде пландоого так маалымат топтоо.

Каттоо эл аралык талаптарга ылайык, заманбап санариптик ыкмалар колдонулуп, эки этапта жүргүзүлөт. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-январынан 28-февралына чейин уланат.

Биринчи этапта, 15–31-январь күндөрү жарандар атайын маалыматтык система аркылуу өз алдынча каттоодон өтө алышат. Экинчи этап 4–28-февраль аралыгында өткөрүлөт. Бул мезгилде махалланын өкүлдөрү үйлөрдү кыдырып, планшеттер аркылуу анкеталарды толтурушат.

Иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн 14 облустук жана 208 райондук, шаардык штаб түзүлгөн. Жалпысынан 60 миңге жакын каттоочу даярдыктан өткөн.