Өзбекстанда үйлөнүү тойлору менен үй-бүлөлүк аземдерге көзөмөл күчөтүлөт

Борбор Азия Загрузка... 23 Сентябрь 2025 11:54
W_23.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.09.25. /Кабар/. Өзбекстанда үйлөнүү тойлору, жаназа жана башка үй-бүлөлүк аземдерге көзөмөл күчөтүлөт. Бул өлкө министрлер кабинети тарабынан 2025-жылдын 16-сентябрында бекитилген «Рационалдуу керектөө» программасында каралган, деп маалымдайт Lex.uz сайты.

Документке ылайык, 2026–2030-жылдар «Азык-түлүк коопсуздугунун актуалдуу мезгили» деп жарыяланып, бул убакта калкты жетиштүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, ашыкча чыгымдардын алдын алуу чаралары көрүлөт.

Белгилесек, 2019-жылдын сентябрында үйлөнүү тою, куран, ырым-жырым жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды жөнгө салуу боюнча тартип кабыл алынган. Ага ылайык, үй-бүлөлүк иш-чараларга 200гө чейин киши, плов берүүдө 250гө чейин конок чакырууга уруксат берилет. Үйлөнүү тойлорунда 250гө чейин конок, плов берилгенде 300гө чейин катышуучу болуусу мүмкүн.

Ошондой эле улуттук салттарга жана адеп-ахлак нормаларына каршы келген шоу-программаларды өткөрүүгө, ашыкча убакыт жана каражат талап кылган кошумча ырым-жырымдарга, анын ичинде кошумча аза жана куран аземдерине тыюу салынат.