Өзбекстанда ири газ кени табылды

Борбор Азия Загрузка... 16 Сентябрь 2025 15:15
p_17.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 16.09.25. /Кабар/. Өзбекстандын Устюрт аймагында 6500 метр тереңдиктен ири көлөмдөгү жаратылыш газынын запастары аныкталды. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев мугалимдер жана устаттар менен болгон жолугушууда билдирди, деп маалымдайт өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, буга чейин нефть-газ тармагындагы геологиялык издөө иштеринин тереңдиги 2500–3000 метрден ашкан эмес. Жаңы скважина өлкө тарыхында мындай деңгээлде ийгиликтүү ишке ашкан алгачкы долбоор болуп калды.

Президент ошондой эле Өзбекстанда литий, теллур, графит, вольфрам сыяктуу технологиялык минералдардын ири запастары бар экенин белгиледи. Борбор Азия аймагында мындай ресурстардын дүйнөлүк көлөмүнүн 10–15%ы топтолгон.

Энергетика институтунун маалыматына караганда, Өзбекстандагы тастыкталган жаратылыш газынын запастары 1,97 трлн куб метрди түзөт. Ошол эле учурда акыркы жылдары өндүрүш азайып, өлкө кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү жана газ импортун кеңейтүү багытында иш жүргүзүп келет.