Ташкент, 18.03.26. /Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасында Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунда интернетте жана телекоммуникация тармактарында сөгүнгөн сөздөрдү колдонуу, жарандарды кемсинтүү жана кордоо үчүн административдик жоопкерчилик киргизүү каралган. Ошондой эле согуш аракеттерине катышууну үгүттөгөн материалдарды таратуу жана укук бузуулар тууралуу маалыматтарды жайылтуу боюнча да жоопкерчилик каралат.
Мындан тышкары, аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө камакка алынган мүлккө байланышкан мыйзамсыз аракеттер үчүн да жоопкерчилик киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, интернеттеги кемсинтүү жана кордоо үчүн 5 млн сумга чейин (400 доллар) айып пул же 10 суткага чейин административдик камакка алуу каралган.
Документ кабыл алынса, маалымат мейкиндигинде укуктук тартипти бекемдөөгө, коомдук тынчтыкты сактоого жана мыйзамдагы боштуктарды жоюуга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттар тарабынан жактырылып, Сенатка жөнөтүлдү.